2025-02-20 күнү жарыя болгон токтомдор

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

“Тогуз-Булак  айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо  боюнча”

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин 8–чакырылышынын кезектеги 1-сессиясынын
Т О К Т О М У

29-ноябрь 2024-жыл
№ 1

Мин-Жыгач айылы
“Тогуз-Булак айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча”
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин төрагасын шайлоо боюнча маселени угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин 1-сессиясы
токтому кылат:

1. Тогуз-Булак айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча өткөрүлгөн жабык шайлоодо,  эсептөө комиссиясынын №1- протоколунун негизинде: айылдык Кеңештин төрагалыгына көрсөтүлгөн талапкерлер

1. Жоробаев Ысманали Раимбердиевич- 9 добуш алып

2. Ражапов Каныбек Сатыбалдыевич-12 добуш алышып, айылдык Кеңештин депутаттарынын 3/2 добушун ала албай калгандыктан , ачык добуш берүүдө айылдык Кеңештин депутаттарынын көпчүлүк 19 добушун алган депутат Ражапов Каныбек Сатыбалдыевич айылдык Кеңештин төрагасы болуп шайлансын.

2.Токтомду Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн toguz-bulak.gov.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын  ченемдик  укуктук  актыларын  мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

“Тогуз-Булак  айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жана туруктуу комиссиялардын курамын бекитүү жөнүндө”

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин 8–чакырылышынын кезектеги 1-сессиясынын
Т О К Т О М У

29-ноябрь 2024-жыл
№ 2

Мин-Жыгач айылы
“Тогуз-Булак айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жана туруктуу комиссиялардын курамын бекитүү жөнүндө”
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жана туруктуу комиссиялардын курамын бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин 1-сессиясы
токтому кылат:

1. Тогуз-Булак айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча өткөрүлгөн ачык  шайлоодо, Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарына көрсөтүлгөн талапкерлер

1.Жоробаев Ысманали Раимбердиевич- 7 добуш

2.Файзуллаева Раат Шайдуллаевна -16 добуш алышып , айылдык Кеңештин депутаттарынын  ачык добуш берүүдө,  көпчүлүк  добушун алган депутат Файзуллаева Раат Шайдуллаевна  айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары  болуп шайлансын.

2. Айылдык Кеӊештин  жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамы:

1) Абдисамат у Мовлидин- төрага

2) Карабаев Алишер- мүчө

3) Новрузов Абдирасул- мүчө

4) Каримов Омурбек- мүчө

5) Камалова Райхан-мүчө

3. Айылдык Кеӊештин муниципалдык жерлер боюнча туруктуу комиссиянын курамы:

1) Ормонов Борукул- төрага

2) Ормонов  Абдибали- мүчө

3) Абдиева  Феруза- мүчө

3. Айылдык Кеӊештин  социалдык маселелер  боюнча туруктуу комиссиянын курамы:

1) Сулайманова Жылдызай- төрайымы

2) Карабаев Алишер- мүчө

3) Сыдыкова Максатай- мүчө

4) Ажибаева Батма- мүчө

5) Осмонова Райхан- мүчө

4. Айылдык Кеӊештин бюджет, экономикалык ж.б маселелер боюнча туруктуу комиссиянын  курамы:

1) Жоробаев Ысманали- төрага

2) Джураев Негмат- мүчө

3)Кудайбердиева Бурмакан- мүчө

4) Абдысаитов Бекжума- мүчө

5) Ажибаева Батма- мүчө

6) Каримов Омурбек- мүчө

7) Ганыева Ижабат- мүчө

5. Жаштар иштери, спорт жана маданий иш чаралар боюнча туруктуу комиссиянын курамы:

1) Мансуров Акжол- төрага

2) Абдисамат у Мовлидин- мүчө

3) Исманова Гулмира- мүчө

4) Каримов Омурбек- мүчө

6. Жогоруда көрсөтүлгөн туруктуу комиссиялардын жылдык иш планын иштеп чыгуу жагы туруктуу комиссиялардын  төрагаларына тапшырылсын.

7.Туруктуу комиссиялар менен иш алып баруу жагы айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары  Р.Файзуллаевага  милдеттендирилсин.

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ №199  Жарлыгы менен бекитилген Элдик курултайдын жоболору менен таанышуу  жана жумушчу топтун курамын түзүү жөнүндө”

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин 8–чакырылышынын кезектеги 1-сессиясынын
Т О К Т О М У

29-ноябрь 2024-жыл
№ 4

Мин-Жыгач айылы
“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ №199 Жарлыгы менен бекитилген Элдик курултайдын жоболору менен таанышуу жана жумушчу топтун курамын түзүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги 4- маселени угуп жана талкуулап чыгып Тогуз-Булак айылдык кенешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы маселени угуп жана талкуулап чыгып
токтому кылат:

  1. Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарынан өкүлдөрдү шайлоо графиги (Өкүлчүлуктүү жыйындын убактысы жана өтүү жери, өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны,өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамаатарды тиешелүү аймактык бөлүмдөргө бөлүү ченемдери, жыйындарды өткөрүү графиги жана өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү боюнча жооптуу айылдык Кеңештин депутаттарынын тизмеси тиркемеде көрсөтүлгөн таблицага ылайык бекитилсин (Тиркеме №1) .
  2.  Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме №2)
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Рахмановго  милдеттендирилисин                      

 

Төрага:
К. Ражапов

Тогуз-Булак айылдык Кеңешинин 8- чакырылышын кезексиз

1- сессиясынын  №4 токтомуна №1-тиркеме

 

1 .Ар бир айылдан калтын санына  жараша бөлүнгөн  жергиликтүү жыйындардын өкүлдөрүнүн саны:

1.Айбике айылы -25

2.Кара-Булак  айылы-25

3.Ай-Көл айылы -15

4.Мин-Жыгач айылы-20

5.Тогуз-Булак айылы-15   

6. Тогуз-Булак айыл өкмөтү боюнча жалпы 100 өкүл

2.Ар бир айылдарда Жергиликтүү курултайга делегат шайлоо боюнча  элдик жыйын өткөрүү үчүн төмөнкүдөй график түзүлсүн.

1. Айбике айылында Жергиликтүү курултайга делегат шайлоо боюнча элдик жыйынды өткөрүү 2024-жылдын  4-декабрына

2.Кара-Булак айылында Жергилмктүү курултайга делегат шайлоо боюнча  элдик жыйынды өткөрүү 2024-жылдын 4-декабрына

3. Ай-Көл айылында Жергиликтүү курултайга делегат шайлоо боюнча элдик жыйынды өткөрүү 2024-жылдын 5-декабрына

4.Миӊ-Жыгач айылында  Жергилмктүү курултайга делегат шайлоо боюнча элдик жыйынды өткөрүү 2024-жылдын  5-декабрына

5.Тогуз-Булак айылында Жергилмктүү курултайга делегат шайлоо боюнча элдик жыйынды өткөрүү 2024-жылдын 5-декабрына белгиленип жана  түзүлгөн жумушчу топтун катышуусу менен өткөрүлөт.

 

Жооптуу катчы :                                          А.  Кожошов

 

 


Тогуз-Булак айылдык Кеңешинин 8-чакырылышын кезексиз

1-сессиясынын  №4 токтомуна №2-тиркеме

 

 

 

Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы:

 

1.      Файзуллаева Раат – айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары

Жумушчу топтун төрайымы.

Мүчөлөрү:

2.      Сулайманова Жылдызай -айылдык Кеңештин депутаты.

3.      Кудайбердиева Бурмакан- айылдык Кеңештин депутаты.

4.      Осмнова Райхан - айылдык Кеңештин депутаты.

5.      Камалова Райхан- айылдык Кеңештин депутаты.

6.      Ажибаева Батма- айылдык Кеңештин депутаты.

7.      Орунов Жеӊишбек- Айбике айылынын айыл башчысы

8.      Сулайманкулов Чолпонкул-Кара-Булак айылынын айыл башчысы

9.      Мисиров Анарбек- Ай-Көл айылынын айыл башчысы

10.  Маматов Илияз- ВУС инспектор

11.  Садыков Манасбек- Тогуз-Булак айылынын айыл башчысы

 

Жооптуу катчы:                                                         А. Кожошов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин 8–чакырылышынын кезектеги 1-сессиясынын
Т О К Т О М У

29-ноябрь 2024-жыл
№ 5

Мин-Жыгач айылы
"Тогуз-Булак айылдык Кеңешине, айыл өкмөтүнө жарандардан жана мекеме ишканалардан келип түшкөн арыз, сунуштарды кароо жөнүндө"
Тогуз-Булак айылдык кенешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып
токтому кылат:

  1. Айыл өкмөтүнүн  Миӊ-Жыгач айылынын тургуну Ганыбек у Уланбекке “Таш-Булак” атындагы айыл чарба кооперативин ачууга  макулдук берилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

“Тогуз-Булак  айыл аймагынын артыкчылыктуу долбоорлорунун тизмегин бекитүү жөнүндө”

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин 8–чакырылышынын кезектеги 1-сессиясынын
Т О К Т О М У

29-ноябрь 2024-жыл
№ 6

Мин-Жыгач айылы
“Тогуз-Булак айыл аймагынын артыкчылыктуу долбоорлорунун тизмегин бекитүү жөнүндө”
Тогуз-Булак айыл аймагынын артыкчылыктуу долбоорлорунун тизмегин бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34- беренесине ылайык айылдык Кеңештин 1-сессиясы
токтому кылат:

  1. Тогуз-Булак айыл аймагынын артыкчылыктуу долбоорлорунун тизмеги тиркемелерге ылайык бекитилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын жана аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн Финансы Экономика Бөлүмүнө милдеттендирилсин.

 

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

“Зоналдык коеффициентти бекитүү жөнүндө”

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин 8–чакырылышынын кезектеги 1-сессиясынын
Т О К Т О М У

29-ноябрь 2024-жыл
№ 7

Мин-Жыгач айылы
“Зоналдык коеффициентти бекитүү жөнүндө”
Тогуз-Булак айыл аймагынындагы үй жанындагы короо жай жана багбанчылык-чарбак жер участокторуна жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгынын зоналдык коеффициенттерин бекитүү боюнча маселени карап жана талкуулап чыгып айылдык Кеңештин 1-сессиясы
токтому кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы №22-1-12/8684 сандуу көрсөтмөсүнүн негизинде. 2022-жылдын 18-январындагы “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын №4 Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 398-беренесинин 3,4- пунктуна жана 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык Тогуз-Булак айыл аймагынындагы үй жанындагы короо жай жана багбанчылык-чарбак жер участокторуна жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгынын зоналдык коеффициенттери төмөнкүдөй болуп  бекитилсин.

  1. Тамарка салыгына  Кз-1 коеффициенти .
  2. Айыл чарбасына арналбаган жер салыгына Кз-1 коеффициенти.

2. Бул токтом 2025-жылдын 1-январынан күчүнө кирсин.

3. Токтомду бекитип берүү жагы К.Р Адилет Министрлигинин Баткен облустук бөлүмүнөн суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын жана аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн Финансы Экономика Бөлүмүнө милдеттендирилсин.

 

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин 8–чакырылышынын кезектеги 1-сессиясынын
Т О К Т О М У

20-январь 2025-жыл
№ 1

Мин-Жыгач айылы
"Тогуз-Булак айылдык Кеңешине, айыл өкмөтүнө жарандардан жана мекеме ишканалардан келип түшкөн арыз, сунуштарды кароо жөнүндө"
Тогуз-Булак айылдык кенешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып
токтому кылат:

  1. Айыл өкмөтүнүн аймагында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу жана калкка сервистик тейлөө көрсөтүү максатында, Лейлек РИИБ нүн  Катраң аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине Миң-Жыгач айылынын борборунан, жергиликтүү милиция бөлүмүнүн имаратын курууга 800,0 кв.м жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
  2. Кара-Булак №4 ҮБДТ нун имаратынын айланасын тосууга каражат сураган кайрылуусу, айылдын инфраструктурасын көтөрүүгө каралган каражаттан каралсын.
  3. Миң-Жыгач айылдык Маданият үйүнө музыкалык аппараттарды алуу боюнча кайрылуусуна- 100,0 м.с бөлүнүп берилсин.
  4. Айылдык ден соолук комитеттерине, тонометр ж.б керек жарактарды алуу боюнча кайрылуусуна каражат каралып берилсин.
  5. Арча-Бешик айылындагы ФАП тун айланасын тосууга каражат сураган кайрылуусу, айылдын инфраструктурасын көтөрүүгө каралган каражаттан каралсын .
  6. Кара-Булак айылынын Манас-1000 көчөсүнө кум шагыл төшөө жана түнкү жарыктандыруу орнотуу боюнча тургундардын кайрылуусу, айыл өкмөтү боюнча айылдардын көчөлөрүнө кум шагыл төшөөдө жана түнкү жарыктандырууларды орнотууда, оңдоп чыгууда каралсын.
  7. Алтын-Бешик балдардын эс алуу лагеринин оңдоо жаңылоо иштерине айыл өкмөтүнөн 200,0 м.с сураган кайрылуусу, мыйзамсыз болгондуктан каралбасын.
  8. “Нур” МЧББМ синин тарбиялдануучулар үчүн саябан куруу жана таза суу түтүгүн киргизип берүү боюнча кайрылуусу, Таза суу түтүгүн киргизип берүү  Тегирменти таза суу ИСКАКБ нин  жетекчиси А.Сатыкуловго милдеттендирилет.
  9. Аялдар Кеңешинин жылдык иш чараларын өткөрүүгө 70,0 м.с берилсин.
  10. Миң-Жыгач айылынын Човот көчөсүнүн жашоочуларынын, сугат сууну Тогуз-Булак айылынын сугат суу түтүгүнө өзүнчө винтиль коюп кошуп берүү боюнча кайрылуусу, коомдук угууларда чечилсин.
  11. Кара-Булак орто мектебинин кызматтык үйүнүн чатырын алмаштырууга 251,8 м.с каралсын.
  12. Кара-Булак орто мектебинин кызматтык үйүнүн муниципалдык менчикке каттоого жана жерин тактоого, курамы муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянан, Кара-Булак айылдык депуттарынан, айыл өкмөтүнөн, Кадастр мекемесинин кызматкерлеринен  болуп  комиссия түзүлсүн жана мыйзам чегинде жерин тактоо  иштерин жүргүзүшсүн.
  13. Аярым МЧББМ нин жылуулук системасын алмаштырууга донорлорду издөө жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  14. Ак-тайлак Айбике ИСКАКБ нин таза сууга болгон кызмат көрсөтүүсүнө жан башына тариф 20 сомдон бекитилсин. Ак тайлактагы булактын айланасын тосууга ж.б иштерине , резервуарды тазалоого колдоо катары 250,0 м.с берилсин.
  15. Жеке ишкерлик ишканаларын ачууга жер сураган Бозогүл айылынан Джумаева Роза, Айбике айылынан Разыков Адыл Кекире уч. Тогуз-Булак айылынан Абдибасит у Баяман Ош Раззаков чоң жолунун боюнан жана Кара-Булак айылынан Ормонов Борубек  Дөң участкасынан 1000,0 кв. м жер.

      Жогоруда жарандар сураган жерлерди жайыт жерлер категориясынан өнөр жай ишканаларын ачуу багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

  1. Бөзөгүл а. Бөзөгүл участкасынан-
  2. Айбике а. Кекире участкасынан
  3. Тогуз-Булак айылындагы Ош Раззаков чоң жолунун боюндагы жерлер
  4. Кара-Булак а.Дөн участкасы
  1. Кутурма оорусунун жана башка жугуштуу ооруулардын алдын алуу максатында, айыл өкмөтүнүн аймагында карышкыр, чөө бөрү жана бөлтүрүк аткан мергенчилерге төмөнкүдөй акча каражаты, айыл өкмөтүнөн сыйлык катары берилсин.
  1. Чоң карышкырга- 8000 (сегиз миң) сом
  2. Чөө бөрүгө-3000 (үч миң) сом
  3. Бөлтүрүкө-3000 (үч миң) сом
  1. Айыл өкмөтүнүн аймагында онкологиялык оорулар жана кургак учук менен ооруган атуулдарга, ҮБТ борборунун жолдомо катынын негизинде, 10 000 (он миң) сом дарылануусуна жана  жол киресине соц.жардам катары берилсин.  Ошондой эле айыл өкмөтүнөн социалдык жардам сурап кайрылган атуулдарга, муктаждыгына карай, атайын комиссия тарабынан аныкталып, 3000 сомдон 10 000 сомго чейинки аралыкта жардам берилсин.
  2. Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн ЖПБ нин кошумча чарбасына колдоо катары  берилген жерден түшкөн арпасын калкка сатууга жана УТО тракторунун кошумча шаймандары менен ижарага берүүгө төмөнкүдөй баа бекитилсин
  1. 1 кг арпага 20 сом
  2. УТО тракторун кошумча шаймандары менен 1 жылга ижарага берүү        70 000 (жетимиш миң) сом. Трактордун кошумча оңдоп түзөө иштери жана майлоочу, күйүүчү майлар менен камсыздоо жагы ижарачыга жүктөлсүн.
  1. Афган согушунун ардагери Э.Кудайбердиевге көп жылдык үзүрлүү эмгегин эске алып жана Афганистандан Совет жоокерлеринин чыгарылгандыгынын 36 жылдыгына карата 10 000 (он миң) сом сыйлык менен сыйлансын.
  2. Айылдык Кеңештин депутаты Ы.Жоробаевке катуу ооруп жаткандыгына байланыштуу 10 000 (он миң) сом социалдык жардам катары берилсин.
  3. Ай-Көл айылынын тургуну О.Каримовго айыл чарба кооперативин түзүүгө макулдук берилсин.

     

3.Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

“Тогуз-Булак  айылдык өкмөтүнүн 2024-жылда аткарган иштерине баа берүү  жөнүндө”

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин 8–чакырылышынын кезектеги 1-сессиясынын
Т О К Т О М У

20-январь 2025-жыл
№ 2

Мин-Жыгач айылы
“Тогуз-Булак айылдык өкмөтүнүн 2024-жылда аткарган иштерине баа берүү жөнүндө”
Тогуз-Булак айыл өкмөтүндө 2024-жылы аткарылган иштер боюнча маселени угуп жана талкуулап чыгып айылдык Кеңештин 1-сессиясы
токтому кылат:

  1.  Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылда курулуш тармагында, социалдык-экономикалык тармактарда аткарган иштерине канаатандырарлык деген баа берилсин.
  2. 2025-жылда айыл өкмөтүнүн мындан ары да курулуш, социалдык- экономикалык тармактарда өркүндөтүү, алга сүрөө жагы көңүлгө алынсын.
  3. Токтомдун аткарууга алынуусу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Рахмановго милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

 

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

2025-2027-жылдарга карата Тогуз-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин 8–чакырылышынын кезектеги 1-сессиясынын
Т О К Т О М У

20-январь 2025-жыл
№ 3

Мин-Жыгач айылы
2025-2027-жылдарга карата Тогуз-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, айылдык кеңештин бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Тогуз-Булак айылдык кеңеши
токтому кылат:

1. 2025-2027-жылдарга карата Тогуз-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы  тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Программада камтылган иш-чарлардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Тогуз-Булак айыл аймагынын  айыл өкмөт башчысы  А.Рахмановго тапшырылсын.

 3. Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Тогуз-Булак айылдык кеңешинин бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин 2024-жылга бюджетинин аткарылышы, 2025-жылдын бюджетин жана  2026-2027-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин 8–чакырылышынын кезектеги 1-сессиясынын
Т О К Т О М У

20-январь 2025-жыл
№ 4

Мин-Жыгач айылы
Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин 2024-жылга бюджетинин аткарылышы, 2025-жылдын бюджетин жана 2026-2027-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин 2024-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы, Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан 2025-2026-2027-жылдарга берилген контролдук цифра боюнча Тогуз-Булак айылдык Округунун финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Кудайбердиевдин, Тогуз-Булак айылдык Кеӊешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, Тогуз-Булак айылдык Округунун 2025-жылга бюджети “ Кыргыз Республикасынын 2025-жылга Республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга болжолу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин негизинде түзүлгөндүгүн белгилеп жогорудагылардын негизинде Тогуз-Булак айылдык Кеңештин кезектеги сессиясы
токтому кылат:

  1. Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинине 2024-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетине жыл ичинде өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен жалпы жыл ичиндеги бюджет 454402,8 миӊ.сом эсебинде киреше чыгашалары №1-2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин 2025-жылдын бюджетинин киреше чыгашалары 31712,7 миӊ сом өлчөмүндө №3-4- тиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорунун  киреше чыгашаларынын негизги көрсөткүчтөрү  32783,7   миӊ сом, 2027-жылга 34133,7 миӊ сом  өлчөмүндө №5- тиркемеге ылайык жактырылсын.
  4. 2025-жылга Республикалык бюджеттен берилүүчү теӊдештирүүчү гранттардын өлчөмдөрү каралып, биринчи кезекте эмгек акы, социалдык фондго, коммуналдык чыгымдарга чыгымдала тургандыгы белгиленсин, алардын өлчөмдөрү №6-тиркемеге, жергиликтүү салыктардын нормативдери №7-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  5. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Лейлек башкармалыгынын казына бөлүмү аркылуу Тогуз-Булак айылдык Кеӊешинин аймагынан чогулган салыктар,жыйымдар жана атайын каражаттар Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин эсебине топтоштурулуп чыгымдалышына жетишилсин.Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин администрациясына жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү боюнча иш чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүү жагы тапшырылсын.
  6. 2025-жылга Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин бюджетинин чыгымдарын каржылоо, анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин, анын ичинен биринчи кезекте корголуучу статьялар боюнча (эмгек акыларды төлөө, социалдык фондго чегерүү, коммуналдык кызматтарга, дары дармек жана тамак аш сатып алууга)
  7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекекеттик администрация жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Тогуз-Булак айылдык Округунун аймагындагы айылдык социалдык коргоо жактан жеӊилдиктер, граждандык коргонуу Тогуз-Булак айылдык Округунун бюджетинен каржылансын.
  8. 2025-жылдын 1-январына бюджеттик каражаттардын калган 4144604,90 (төрт миллион бир жүз кырктөрт миӊ алты жүз төрт сом 90 тыйын) сом акча каражаттарынын сметасы №8-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  9. Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин 2024-жылда каржыланбай калган чыгымдары 2025-жылга каралган бюджетинин чегинде каржылансын.
  10. Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин бюджетине киргизилген өзгөртүүлөр айылдык Кеӊештин сессиясында жактырылгандан кийин аткарууга алынары белгиленсин.
  11. Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин бюджети боюнча 2025-жылдын 1-январына карата жүргүзүлүүчү кассалык накталай акча 50 миӊ сом суммасында белгиленсин.
  12. Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин 2025-жылга кабыл алынган бюджети 2025-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
  13. 2025-жыл ичинде Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражаттары жана иштетилбей турган статьялардагы акча каражаттары иштетүүчү статьяларга Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин буйругунун жана справка-уведомлениесинин негизинде жылдырылып чыгаша кылуу жагы камсыздалсын.
  14. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы депутаттардын Тогуз-Булак айылдык Кеӊешинин бюджет- экономика финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

Тегирменти –таза суу ИСКАКБсынын  2024-жылда аткарган иштерин кароо жана 2025-жылга карата бюджетин, таза сууга болгон тарифин бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин 8–чакырылышынын кезектеги 1-сессиясынын
Т О К Т О М У

20-январь 2025-жыл
№ 5

Мин-Жыгач айылы
Тегирменти –таза суу ИСКАКБсынын 2024-жылда аткарган иштерин кароо жана 2025-жылга карата бюджетин, таза сууга болгон тарифин бекитүү жөнүндө
Тогуз-Булак айылдык кенешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып
токтому кылат:

1.Тегирменти-таза суу ИСКАКБсынын төрагасы А.Сатыкуловдун 2024-жыл үчүн  берген билдирүүсү канаатандырарлык деп табылсын, 2025-жылдын бюджети жана ичүүчү сууга коюлган тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

  • Тегирменти таза суу ИСКАКБ сынын 2025-жылга суу керектөөчүлөргө бир жанга көчөдөн алган адамдарга бир айга 20 сомдон , мектеп окуучулары жана тарбияланып жаткан балдарга бир айга 10 сомдон, дүкөндөргө бир айга 20 сомдон жана коомдук , менчигинин түрүнө карабастан ишканалар үчүн таза сууга болгон төлөм өз ара келишимдин негизинде жүргүзүлсүн.
  • Таза суу түтүгүн короосуна  киргизген  атуулдарга суу эсептегич орнотконго чейин таза суу акысы 24 саат токтобой агып тургандыгына байланыштуу айына 600 (алты жүз) сомдон бекитилсин.
  • Таза сууну короосуна киргизген атуулдар, суу эсептегич орнотушсун.
  • Көчөдө суу түтүгүнө жакын үй бүлөлөрдүн короосуна киргизилген суу түтүктөрү жана талапка жооп бербеген жеке менчик суу түтүктөрү кесилсин.
  • Таза сууну сугат суу катары колдонууга тыюу салынсын.
  • Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жана кээ бир кетирилген кемчиликтерди жоюу жагы ИСКАКБ синин жетекчилигине милдеттендирилсин.

2.Тегирменти таза суу ИСКАКБсынын 2025-жылга бюджети бекитилсин.

3.Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

“Тогуз-Булак  кызмат көрсөтүү муниципалдык мекемесинин”  2024-жылда аткарган иштерин кароо жана 2025-жылга карата бюджетин, кызмат көрсөтүүлөргө болгон тарифин бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин 8–чакырылышынын кезектеги 1-сессиясынын
Т О К Т О М У

20-январь 2025-жыл
№ 6

Мин-Жыгач айылы
“Тогуз-Булак кызмат көрсөтүү муниципалдык мекемесинин” 2024-жылда аткарган иштерин кароо жана 2025-жылга карата бюджетин, кызмат көрсөтүүлөргө болгон тарифин бекитүү жөнүндө
Тогуз-Булак айылдык кенешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып
токтому кылат:

1.”Тогуз-Булак кызмат көрсөтүү муниципалдык мекемесинин” төрагасы С.Абдибаситовдун 2024-жыл үчүн  берген билдирүүсү канаатандырарлык деп табылсын, 2025-жылдын бюджети жана кызмат көрсөтүүлөргө коюлган тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

“Тогуз-Булак кызмат көрсөтүү муниципалдык мекемесинин” 2025-жылга,  таштанды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүсү, турак жайда жашаган ар бир жанга  бир айга 19 сомдон

-   Мамлекеттик жана менчигинин түрүнө карабастан коомдук ишканалар үчүн, таштанды ташууга болгон төлөм өз ара келишимдин негизинде, атайын жүк ташуучу унаа менен алып чыгууга, бир каттам үчүн- 2722,0 сомдон

-   Соода дүкөндөрүнөн таштанды ташып чыгаруу, дүкөндүн чарчы метрине карата, 1 чарчы метр жерге- 20,0  сомдон бекитилсин.

Уруксатсыз белгиленбеген жерге таштанды таштагандар , короосунда таштанды өрттөгөндөргө (жалбырактарды, катуу таштанды калдыктарын) Кыргыз Республикасынын Бузуулар боюнча Кодексине ылайык айып пул салынсын.

2.      “Тогуз-Булак кызмат көрсөтүү муниципалдык мекемесинин” 2025-жылга тарификациясы  №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.      “Тогуз-Булак кызмат көрсөтүү муниципалдык мекемесинин 2025-жылга бюджети бекитилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

“Тогуз-Булак  айылдык өкмөтүнүн аймагындагы тарыхий маданий мурас обьектилери  жөнүндө”

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин 8–чакырылышынын кезектеги 1-сессиясынын
Т О К Т О М У

20-январь 2025-жыл
№ 7

Мин-Жыгач айылы
“Тогуз-Булак айылдык өкмөтүнүн аймагындагы тарыхий маданий мурас обьектилери жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын23-декабрындагы №701 "2023-202-жылдарга “Көөнө тарых сырлары” тарыхий-маданий мурас обьектилерин сактап, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча” мамлекеттик программа токтомун аткарууга алуу максатында, угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин 1-сессиясы
токтому кылат:

  1.  Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы тарыхий- маданий мурас обьектилери эстелик катары таанылып коргоого алынсын.
  2. Токтомдун аткарууга алынуусу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Рахмановго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

 

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы тургундарды таза суу жана сугат суу менен камсыздоо, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгуу, айыл аймагынын аймагын санитардык жактан тазалоо, К.Р Мыйзамдарына ылайык жайыт ресурстарын пайдаланууну жөнгө салууну көзөмөлдөө максатында “Тогуз-Булак кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканасынын уставына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү  жөнүндө”

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин 8–чакырылышынын кезексиз 2-сессиясынын
Т О К Т О М У

14-февраль 2025-жыл
№ 1

Мин-Жыгач айылы
Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы тургундарды таза суу жана сугат суу менен камсыздоо, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгуу, айыл аймагынын аймагын санитардык жактан тазалоо, К.Р Мыйзамдарына ылайык жайыт ресурстарын пайдаланууну жөнгө салууну көзөмөлдөө максатында “Тогуз-Булак кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканасынын уставына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө”
“Тогуз-Булак кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканасынын уставына өзгөртүү киргизүү боюнча маселени, угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы
токтому кылат:

  1. “Тогуз-Булак-элге кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканасынын уставына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
  1.  Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Тогуз-Булак айылдык кеңешинин бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

 

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

“Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актылары өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-пунктунда көрсөтүлгөн маселелерди аткарууга алуу боюнча

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин 8–чакырылышынын кезексиз 2-сессиясынын
Т О К Т О М У

14-февраль 2025-жыл
№ 2

Мин-Жыгач айылы
“Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актылары өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-пунктунда көрсөтүлгөн маселелерди аткарууга алуу боюнча
“Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” К.Р нын Мыйзамынын 14-пунктуна кирген маселелерди ишке ашыруу,К.Р нын Салык Кодексинин 379,380-беренелерине ылайык турак жай имараттарына эсептелинүүчү салык ставкаларын бекитүү боюнча маселени карап жана талкуулап чыгып айылдык Кеңештин сессиясы
токтому кылат:

  1. “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” К.Р нын Мыйзамынын 14-пунктуна кирген маселелерди ишке ашыруу, К.Р нын Салык Кодексинин 379-беренесинин 1-пунктунун 1-бөлүмчөсүнө ылайык турак жай имараттарына эсептелинүүчү салык ставкаларынын коеффициенттери, Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында, калктын саны он миң кишинен жогору болгондугана байланыштуу төмөнкүдөй болуп  бекитилсин. К.Р нын Салык Кодексинин 379-беренесинин 3-пунктуна ылайык жогоруда көрсөтүлгөн салык ставкалары 3 жылда бир жолу каралсын.
  1. 2025-жылдын 1-январынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин турак жайларга мыйзамда көрсөтүлгөндөй 1 чарчы метр жерге 10 сомдон салыктын ставкасы бекитилсин.
  1. Токтомду бекитип берүү жагы К.Р Адилет Министрлигинин Баткен облустук бөлүмүнөн суралсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын жана аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн Финансы Экономика Бөлүмүнө милдеттендирилсин.

 

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

“Тогуз-Булак айылдык Кеңешине, айыл өкмөтүнө жарандардан жана мекеме ишканалардан келип түшкөн арыз, сунуштарды кароо жөнүндө

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин 8–чакырылышынын кезексиз 2-сессиясынын
Т О К Т О М У

14-февраль 2025-жыл
№ 3

Мин-Жыгач айылы
“Тогуз-Булак айылдык Кеңешине, айыл өкмөтүнө жарандардан жана мекеме ишканалардан келип түшкөн арыз, сунуштарды кароо жөнүндө
Тогуз-Булак айылдык кенешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып
токтому кылат:

  1.  Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2021 аскер бөлүгүнө ижарага берилген 11,0 (он бир) га жердин ижара мөөнөтү аяктагандыгына байлланыштуу кайрадан 5(беш) жылга узартылып берилсин.
  2. Ай-Көл айылынын тургуну Карабашова Атыргүлдүн жазган арызынын негизинде социалдык жардам катары 6000 (алты миң) сом социалдык жардам катары берилсин.
  3. Миң-Жыгач айылынын Юлдашов көчөсүнүн жашоочуларынын сугат суу түтүгүн алууга жардам сураган маселеси жеринде каралып айыл тургундарынын макулдугу менен чечилсин.
  4. Садыков Канатбектин уулунун онкологиялык ооруу менен ооруп жаткандыгына байланыштуу, жардам катары берилүүчү 10 000 (он миң) сом акча каражаты, жардам сураган атуулдардын даректери такталгандан кийин берилсин.
  5. Тогуз-Булак айылынын тургуну Масалиев Калмырзанын, тамаркасын сел басып калып башка жерден жер сураган арызы жеринде такталып анан чечилсин.
  6. Айбике айылынын Чечекти көчөсүнүн жашоочуларынын сугат суу, таза суу, ички арыктар боюнча  арызы жеринде каралып айыл башчы аркылуу чечилсин.
  7. Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн АЖМФ нун жерлерине болуучу жер тооругу , кээ бир иш кагаздары даяр эместигине жана жазгы талаа жумуштары башталып калгандыгына байланыштуу  2025-жылдын сентябрь айына жылдырылсын.
  8. Токтомдун аткарууга алынуусу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Рахмановго милдеттендирилсин.
  9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

 

Төрага:
К. Ражапов