2024-03-11 күнү жарыя болгон токтомдор

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

Айыл өкмөтүндө жашаган жарандардан жана мекеме уюмдардан түшкөн  ар түрдүү  арыз даттанууларды,сунуштарды  кароо боюнча

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
Т О К Т О М У

20-январь 2024-жыл
№ 1

Мин-Жыгач айылы
Айыл өкмөтүндө жашаган жарандардан жана мекеме уюмдардан түшкөн ар түрдүү арыз даттанууларды,сунуштарды кароо боюнча
Тогуз-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы карап жана талкуулап чыгып
токтому кылат:

1.Кара-Булак айылынын Катта Суу көчөсүнүн жашоочуларынын арызы Кара-Булак айылынын элдик чогулушунда каралып,ынтымак жолу менен добуш берүү аркылуу чечилсин.

2.Шор Көл айылынын жашоочуларынын арызы айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджетинен каралсын.

3.Жигердүү жарандар долбоорунун алкагында түзүлгөн Тазалык ишканасына акча каражаты 2024-жылдын бюджетинен каралсын.

4.К.Сабыров айылынын жашоочусу Ырысова Эркинайдын турак үй салууга жер берүү боюнча арызы канаттандырылып К.Сабыров айылынын чегинен жер ажыратылып берилсин.

5.Тогуз-Булак айылынын тургуну жалгыз бой эне Кенжебаева Самара, айылдык Кеңештин атына жазган арызынын негизинде, турмуш шартына жана ден соолугун чыңдоого социалдык жардам катары, айыл өкмөтүнүн 2024-жылга кабыл алынган бюджетинин эсебинен 10 000 (он миң) сом ажыратылып берилсин

6.Ветеринардык башкармалыктын катынын негизинде ар бир айылда атылган итерди  таштоочу чункуруна берилүүчү акча каражаты бюджеттен каралсын.

7.Айыл аймагындагы ар кандай иш чараларды өткөрүү үчүн 2024-жылдын бекитилген бюжетинен акча каражаты ажыратылып берилсин.

8.Таза Суу ИСКАКБнын ремонтуна 2024-жылдын бюджетинен акча каражаты ажыратылып берилсин.

9.Айылдагы ички арыктар УОСтун карамагына өткөрүлүп берилсин.

10.Алтын-Бешик балдардын эс алуу лагерине

11.Айбике айылынын жашоочусу Кудайбердиева Раяна Медербековнага , турмуш шартына байланыштуу, жалгыз бой энеси Иметова Гүлзатай жана башка бир туугандары менен ар кимдин үйүндө батирде тургандыгына байланыштуу, турак жай салууга  Айбике айылынын чегинен жер тилкесин ажыратып берүү боюнча арызы канаттандырылсын.

12.Тогуз-Булак айылдык Кеңешинин  VIII чакырылышынын кезектеги  I сессиясы  карап жана талкуулап чыгып,айыл аймагындагы базалык станциялардын ижара акысын айсайын төлөө боюнча баасы төмөнкүдөй болуп бекитилсин:

1.ЖЧК “Нур Телеком” -5000 сом

2.ЖЧК “Альфа Телеком”- 5000 сом

3.ЖЧК “Скай Мобайл”-5000 сом.

2. Жогорудагы токтомдо жазылган маселелер боюнча иш алып баруу жагы  айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине  милдеттендирилсин.

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

Тогуз-Булак  айыл өкмөтүнүн  Жайыт  Пайдалануучулар Бирикмесинин  2023- жылга  бюджеттин киреше чыгаша бөлүмүнүн  аткарылышы жана   2024-жылга бюджетин  бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
Т О К Т О М У

20-январь 2024-жыл
№ 2

Мин-Жыгач айылы
Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин 2023- жылга бюджеттин киреше чыгаша бөлүмүнүн аткарылышы жана 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Тогуз-Булак айылдык Кеңеши
токтому кылат:

1.Тогуз-Булак айыл аймагынын жайыт комитетинин  2023-жыл ичиндеги жүргүзгөн иштери канаатандырарлык  деп  табылсын.

2.Тогуз-Булак айыл аймагынын жайыт комитетинин 2024-жыл учун тузулгон бюджетти 418,5 м.сомго бекитилсин жана анын 3/2 бөлүгү 279 000 м.сому ЖПБ нин эсебине которулуп берилип, калган 3/1 бөлүгү 139,5 м.сом айыл өкмөтүнүн эсебинде калтырылсын.

ЖПБ нин башка кирешелери 150 000 сом  (техникалардан ж.б тармактардан) түшкөн  кирешелер толук бойдон которулуп берилет.

Жайыт пайдалануучулардын жамааттык планы жана инвестициялык планы бекитилсин.

3.Тогуз-Булак Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин 2024-жылга  ар бир мал башына жайыт акысы үчүн  төмөнкүдөй тарифтер бекитилсин.

-  Ири мүйүздүү малга  80 сом

-  Жылкыга    500 сом

-  Майда малдарга      20 сом.

4.Айыл өкмөтүнөн сырттан келген малдарга жайыт акысы үчүн эки эсе тариф коюлсун.

5.Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн бардык айыл башчылары,вет сервистер,Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинен болгон жумушчу топ айыл өкмөтүнүн аймагына  сырттан кирген малдарды,ал малдардын жугуштуу оорууларга болгон эмделүүсүн , жайыт акысынын төлөнүүсүн  көзөмөлдөсүн.

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтʏнʏн башчысына жана ЖПБ нин башчысына тапшырылсын

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

Тегирменти –таза суу ИСКАКБсынын  2023-жылда аткарган иштерин кароо жана 2024-жылга карата бюджетин, таза сууга болгон тарифин бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
Т О К Т О М У

20-январь 2024-жыл
№ 3

Мин-Жыгач айылы
Тегирменти –таза суу ИСКАКБсынын 2023-жылда аткарган иштерин кароо жана 2024-жылга карата бюджетин, таза сууга болгон тарифин бекитүү жөнүндө
Тогуз-Булак айылдык кенешинин 7-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып
токтому кылат:

1.Тегирменти-таза суу ИСКАКБсынын төрагасы А.Сатыкуловдун 2023-жыл үчүн  берген билдирүүсү канаатандырарлык деп табылсын, 2024-жылдын бюджети жана ичүүчү сууга коюлган тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

  • Тегирменти таза суу ИСКАКБ сынын 2024-жылга суу керектөөчүлөргө бир жанга көчөдөн алган адамдарга бир айга 20 сомдон , мектеп окуучулары жана тарбияланып жаткан балдарга бир айга 10 сомдон, дүкөндөргө бир айга 20 сомдон жана коомдук , менчигинин түрүнө карабастан ишканалар үчүн таза сууга болгон төлөм өз ара келишимдин негизинде жүргүзүлсүн.
  • Таза суу түтүгүн короосуна  киргизген  атуулдарга суу эсептегич орнотконго чейин таза суу акысы айына 600 (алты жүз) сомдон бекитилсин.
  • Көчөдө суу түтүгүнө жакын үй бүлөлөрдүн короосуна киргизилген суу түтүктөрү жана талапка жооп бербеген жеке менчик суу түтүктөрү кесилсин.
  • Таза сууну сугат суу катары колдонууга тыюу салынсын.
  • Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жана кээ бир кетирилген кемчиликтерди жоюу жагы ИСКАКБ синин жетекчилигине милдеттендирилсин.

2.Тегирменти таза суу ИСКАКБсынын 2024-жылга бюджети бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

Тогуз-Булак айыл Өкмөтүнүн 2023-жылга
                                                                             бюджетинин аткарылышы, 2024- жылдын                              
                                                                              бюджетин жана 2025-2026-жылдарга   
                                                                              бюджетинин  долбоорун бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
Т О К Т О М У

20-январь 2024-жыл
№ 4

Мин-Жыгач айылы
Тогуз-Булак айыл Өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетинин аткарылышы, 2024- жылдын бюджетин жана 2025-2026-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Тогуз-Булак айылдык Округунун 2023-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы, Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан 2024-2025-2026-жылдарга берилген контролдук цифра боюнча Тогуз-Булак айылдык Округунун финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Кудайбердиевдин, Тогуз-Булак айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, Тогуз-Булак айылдык Округунун 2024-жылга бюджети «Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө», мыйзамдарынын жана Кыргыз республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде түзүлгөндүгүн белгилеп жогорудагылардын негизинде Тогуз-Булак айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы
токтому кылат:

1.  Тогуз-Булак айылдык Округунун 2023-жылга кабыл алынган жергиликтүү  бюджетине жыл ичинде өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен жалпы жыл ичиндеги бюджет 41414,7 мин    сом эсебинде киреше жана чыгашалары   №1-2- тиркемеге ылайык бекитилсин.

 2.  Тогуз-Булак айылдык Округунун 2024-жылдын бюджетинин  киреше жана чыгашалары 29622,4 мин сом олчомундо  №3-4- тиркемеге ылайык бекитилсин.

 4.  Тогуз-Булак айылдык  Округунун  2025-жылга  жергиликтүү  бюджетинин долбоорунун   киреше жана чыгашаларынын негизги көрсөткүчтөрү 31143,4 мин сом,2026-жылга 32516,4  мин сом  өлчөмүндө № 5 тиркемеге ылайык жактырылсын.

5.  2024-жылга Республикалык бюджеттен берилүүчү  теңдештирүүчү  гранттардын өлчөмдөрү   каралып, биринчи кезекте эмгек акы, социалдык  фондко, коммуналдык чыгымдарга чыгымдала  тургандыгы белгиленсин, алардын    өлчөмдөрү №6-тиркемеге,   жергиликтүү салыктардын  нормативтери №7-тиркемеге  ылайык бекитилсин.

6. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Лейлек башкармалыгынын  казына бөлүмү   аркылуу Тогуз-Булак айылдык Кеңешинин аймагынан чогулган салыктар,жыйымдар жана    атайын каражаттар Тогуз-Булак айыл аймагынын эсебине топтоштурулуп чыгымдалышына   жетишилсин.Тогуз-Булак айылдык Округунун администрациясына жергиликтүү бюджеттердин  кирешелерин көбөйтүү боюнча иш чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүү жагы тапшырылсын. 

7. 2024-жылга Тогуз-Булак айылдык Округунун бюджетинин чыгымдарын каржылоо, анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин, анын ичинен биринчи кезекте корголуучу статьялар боюнча (эмгек акыларды төлөө, социалдык фондко чегерүү, коммуналдык кызматтарга, дары- дармек жана тамак-аш сатып алууга)

8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтуу мамлекеттик администрация жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Тогуз-Булак айылдык  Округунун аймагындагы айылдык  социалдык коргоо жактан жеңилдиктер, граждандык коргонуу Тогуз-Булак айылдык Округунун бюджетинен  каржылансын.

9. 2024-жылдын 1-январына бюджеттик каражаттардан калган 1554925,67 (бир миллион    беш  жуз элуу торт мин тогуз  жуз жыйырма беш сом 67 тыйын )  сом акча      каражаттарынын сметасы  № 8-тиркемеге ылайык  бекитилсин.

10. Тогуз-Булак айылдык Округунун 2023-жылда каржыланбай калган чыгымдары   2024-жылга  каралган бюджетинин чегинде каржылансын.

11. Тогуз-Булак айылдык Округунун бюджетине киргизилген өзгөртүүлөр айылдык Кеңештин сессиясында жактырылгандан кийин аткарууга алынары белгиленсин.

12. Тогуз-Булак айылдык Округунун бюджети боюнча 2024-жылдын 1-январына карата жүргүзүлүүчү кассалык накталай акча 50 миң сом суммасында белгиленсин.

13. Тогуз-Булак айылдык Округунун 2024-жылга кабыл алынган бюджети  2024-жылдын 1-январынан  баштап ишке киргизилсин.

 14.  2024-жыл ичинде Тогуз-Булак айылдык Округунун бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражаттары жана иштетилбей турган статьялардагы акча каражаттары иштетилүүчү  статьяларга айыл Өкмөтүнүн буйругунун жана справка-уведомлениесинин негизинде жылдырылып чыгаша кылуу жагы камсыздалсын.

15. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Тогуз-Булак айылдык Кеңешинин бюджет –экономика  финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

Тогуз-Булак  айыл аймагындагы Ай-Көл,Миң-Жыгач ,Тогуз-Булак айылдарындагы скважиналарды капиталдык оңдөп түзөө иштерин, Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга стратегиялык    өнүгүү программасына киргизүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
Т О К Т О М У

20-январь 2024-жыл
№ 5

Мин-Жыгач айылы
Тогуз-Булак айыл аймагындагы Ай-Көл,Миң-Жыгач ,Тогуз-Булак айылдарындагы скважиналарды капиталдык оңдөп түзөө иштерин, Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга стратегиялык өнүгүү программасына киргизүү жөнүндө
Тогуз-Булак айылдык кенешинин 7-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу боюнча адисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып
токтому кылат:

1.Тогуз-Булак айылдык инвестиция тартуу боюнча адисинин билдирүүсү көңүлгө алынсын.

2.Тогуз-Булак айыл аймагынын Ай-Көл,Миң-Жыгач,Тогуз-Булак айылдарындагы скважиналарды оңдоп түзөө иштери, Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга стратегиялык өнүгүү программасына киргизилсин.

3.Токтомдун аткарылышын  камсыздоо Тогуз-Булак айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Темирбаевге тапшырылсын.

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

Тогуз-Булак айыл өкмөтүн  2023-жылда аткарган иштерин кароо жана 2024-жылга социалдык экономикалык программасын бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
Т О К Т О М У

20-январь 2024-жыл
№ 6

Мин-Жыгач айылы
Тогуз-Булак айыл өкмөтүн 2023-жылда аткарган иштерин кароо жана 2024-жылга социалдык экономикалык программасын бекитүү жөнүндө
Тогуз-Булак айылдык кенешинин 7-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып
токтому кылат:

  1. Тогуз-Булак айыл өкмөтүн  2023-жылда аткарган иштери канаатандырарлык деп табылсын.
  2. Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга кабыл алынган социалдык экономикалык өнүгүү программасы алымча кошумчалары менен бекитилсин жана кабыл алынган программа боюнча аткаруу жагы тийиштүү адистерге тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Темирбаевге тапшырылсын.

 

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

Тогуз-Булак  айыл аймагынын эсептик балансында турган бетон каналдар жана   Л-60  лотокторду Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
Т О К Т О М У

20-январь 2024-жыл
№ 7

Мин-Жыгач айылы
Тогуз-Булак айыл аймагынын эсептик балансында турган бетон каналдар жана Л-60 лотокторду Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Тогуз-Булак айылдык кенешинин 7-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы жогорудагы маселе боюнча билдирүүнү угуп жана талкуулап чыгып
токтому кылат:

1. Тогуз-Булак айыл аймагынын эсептик балансында турган бетон каналдар жана Л-60 лотоктор төмөнкү тизме боюнча Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилсин.

1) Бетон каналдар:

-Таш-кыя участкасы- 5 000 метр

-Кичик-суу участкасы-1 000 метр

-Шор-көл участкасы-1 161 метр

-Катта суу участкасы-2 000 метр

-Шоаз участкасы-39 метр

-Миң-Жыгач а. Л-60- 6 000 метр

-Шоаз- Карагатты Л-60- 13 600 метр

-Актам участкасы Л-40- 1 055 метр

Баланстагы эсеби-16 186 500 сом

2) Жер асты менен тартылган сугат суу түтүктөрү П/Э 450 мм:

-Танги-оозу Айбике- 5450 метр

Баланстагы эсеби -31 500 000 сом

Жалпы эсеп балансында көрсөтүлгөн баасы-47 686 500 сом

 

2.Токтомдун аткарылышын  камсыздоо Тогуз-Булак айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Темирбаевге ,Саркент-суу СПА нын башчысы А.Жапаровго тапшырылсын.

 

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

Тогуз-Булак  айыл аймагынын Чапаев айылынын атын өзгөртүү боюнча айыл тургундарынын 10-январь 2024-жылдагы №1-протоколун бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
Т О К Т О М У

20-январь 2024-жыл
№ 8

Мин-Жыгач айылы
Тогуз-Булак айыл аймагынын Чапаев айылынын атын өзгөртүү боюнча айыл тургундарынын 10-январь 2024-жылдагы №1-протоколун бекитүү жөнүндө
Тогуз-Булак айылдык кенешинин 7-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы жогорудагы маселе боюнча билдирүүнү угуп жана талкуулап чыгып
токтому кылат:

  1. Тогуз-Булак айыл аймагынын Чапаев айылынын атын өзгөртүү боюнча ,айыл тургундарынын 10-январь 2024-жылдагы №1-протоколу бекитилсин.
  2. Тогуз-Булак айыл аймагынын Чапаев айылынын тургундарынын сунушу менен Чапаев айылынын аты Арча-Бешик айылы болуп өзгөртүлсүн.
  3. Кабыл алынган токтомду каттап берүү жагы Баткен облустук юстиция башкармалыгынан  суралсын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Темирбаевге тапшырылсын

Төрага:
К. Ражапов

Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Лейлек району
Тогуз-Булак
айыл аймагынын айылдык Кенеши

Тогуз-Булак  айыл аймагынын Маданият айылынын атын өзгөртүү боюнча айыл тургундарынын 10-январь 2024-жылдагы №2-протоколун жана Кыргызстандын 50 жылдыгы айылынын атын өзгөртүү боюнча 10-январь 2024-жылдагы №3-протоколун бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Баткенская область
Лейлекский район
айылный Кенеш Тогуз-Булакского айыльный аймака



Мин-Жыгач айылы Долоно көч.
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
с.Мин-Жыгач ул.Долоно
Тел/факс: +996(3656)6-00-05
e-mail: Toguz-Bulak01101996@bk.ru
Тогуз-Булак айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
Т О К Т О М У

20-январь 2024-жыл
№ 9

Мин-Жыгач айылы
Тогуз-Булак айыл аймагынын Маданият айылынын атын өзгөртүү боюнча айыл тургундарынын 10-январь 2024-жылдагы №2-протоколун жана Кыргызстандын 50 жылдыгы айылынын атын өзгөртүү боюнча 10-январь 2024-жылдагы №3-протоколун бекитүү жөнүндө
Тогуз-Булак айылдык кенешинин 7-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы жогорудагы маселелер боюнча билдирүүлөрдү угуп жана талкуулап чыгып
токтому кылат:

  1. Тогуз-Булак айыл аймагынын Маданият айылынын атын өзгөртүү боюнча ,айыл тургундарынын 10-январь 2024-жылдагы №2-протоколу жана Кыргызстандын 50 жылдыгы айылынын тургундарынын 10-январь 2024-жылдагы №3-протоколу бекитилсин.
  2. Тогуз-Булак айыл аймагынын Маданият айылынын тургундарынын сунушу менен Маданият айылынын аты тарыхий  Айбике айылы болуп өзгөртүлсүн.
  3. Тогуз-Булак айыл аймагынын  Кыргызстандын 50 жылдыгы  айылынын тургундарынын сунушу менен Кыргызстандын 50 жылдыгы айылынын  тарыхий аты Миң-Жыгач айылы болуп өзгөртүлсүн
  4. Кабыл алынган токтомду каттап берүү жагы Баткен облустук юстиция башкармалыгынан  суралсын.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Темирбаевге тапшырылсын.

 

Төрага:
К. Ражапов