2026-жылдын 9-март күнү Тогуз-Булак айыл аймагында Аялдардын эл аралык күнү – 8-Март майрамына карата элеттик апалар үчүн майрамдык иш-чара уюштурулду.
Майрамдык иш-чарага баатыр энелер, айылдык коомдук иштерге активдүү катышкан демилгелүү айымдар катышты. Майрамдык иш-чарада аялзатынын коомдогу жана үй-бүлөдөгү орду, коомдук турмуштагы эмгеги баса белгиленди.
Майрамдык иш-чаранын соңунда келген айымдарга белектер тапшырылып, сый-урмат көрсөтүлдү.