Айыл Өкмөтүнүн балаты майрамы өттү

Лейлек районундагы Тогуз -Булак айыл өкмөтүндө  2025-жылдын 30-декабрь күнү Ай- Көл айылындагы Н.Батыров атындагы орто мектебинде, айыл өкмөтүнүн "Жаңы жылдык балаты” майрамы болуп өттү.   Айыл аймагындагы мектеп окуучулары үчүн жыл сайын белгиленүүчү салтуу жаңы жылдык иш чарага мыкты, таланттуу жана демилгелүү окуучулар чакырылып, айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл башчылар катышып, балдарга жаңы жылдык  жакшы маанай, окууларында ийгилик, жаңы жылда жакшы жетишкендиктерге жетишүү каалоо тилектерин билдирди. Майрамдын жүрүшү окуучулар тарабынан уюштурулган бийлер, ырлар жана кызыктуу  оюндар менен коштолуп, жыйынтыгында балдарга  белектер тапшырылды.